Nokia 1202 - Тез жардам чакыруулары

background image

Тез жардам чакыруулары
Маанилүү иш: Колдогу аппаратыңыз радио

сигналдарды, зымы жок байланышты, жердин кыртышы

менен өткөн тармактарды жана пайдалануучу

тарабынан программаланган функцияларды колдонуп

иштейт. Эгер сиздин аппаратыңыз интернет боюнча

өткөн үн чалууларын (интернет чалуулар) колдогон

болсо, уюлдук телефонду жана интернет чакырууларды

экөөнү тең активдештириңиз. Аппарат тез жардам

чалууларын уюлдук тармактар жана Интернет аркылуу

ишке ашырууга аракет кылат. Баардык шарттарда

байланышууга кепилдик бериле албайт. Зарыл түрдө

байланыш керек болсо, мисалы, медициналык тез

жардам чакырууда, сиз жалгыз гана зымсыз

аппаратыңызга ишенбеңиз.

Тез жардам чакыруусун жасоо үчүн:

1

Өчүрүлгөн аппаратты жандырыңыз. Сигналдын

жетиштүүлүгүн текшериңиз. Аспабыңызга жараша,

төмөнкүлөрдү аткаруу керек болушу ыктымал:

Эгер аппаратыңыздын иштетүү үчүн SIM

карта керек болсо, аны ордуна коюңуз.

Аспабыңызда мурда коюлган чакырууларга

чектерди алып салыңыз.

Профильди Oфлайн жана Учуу

режимдеринен чыгып, активдүү кылыңыз.

2

Аппаратты чакыруу жасоого даяр кылуу жана

экранды тазалоо үчүн аяктоо баскычын керектүү

санда басыңыз.

3

Учурдагы жайгашкан жериңиздеги расмий тез

жардам номерин киргизиңиз. Тез жардам

номерлери жайгашуу жерине жараша өзгөрүп

турат.

4

Чакыруу баскычын басыңыз.

Тез жардамга чалып жатканда керектелген бардык

маалыматтарды мүмкүн болушунча так бериңиз. Сиздин

зымсыз аппараттыңыз кырсык учурунда жалгыз

байланыш каражаты болуп калышы мүмкүн. Уруксат

берилгенге чейин чакырыкты токтотпоңуз.