Nokia 1202 - Унаалар

background image

Унаалар
Радио жыштык сигналдары мотор унааларында туура

эмес орнотулган же тиешелүү түрдө корголбогон

электрондук май инжектордук, блоктоого каршы

тормоздук, электрондук ылдамдыкты контролдоо, аба

баштыктар системалары сыяктуу электрондук

системалардын иштөөсүнө таасир тийгизүүсү мүмкүн.

Дагы көбүрөөк маалыматты унааңыздын же андагы

жабдууларды чыгаруучусунан алыңыз.

Атайын даярдыгы бар адистер гана жабдууларды

орнотуп же тейлеши керек. Туура эмес орнотуу же

тейлөө кооптуу болушу мүмкүн жана жабдууга берилген

кепилдикти жокко чыгарышы ыктымал. Сиздин

унааңызга орнотулган зымсыз жабдуулар туура

орнотулуп жана иштетилип жатканын маал маалы менен

текшерип туруңуз. Тез тутануучу суюктуктарды,

газдарды же жарылуучу заттарды зымсыз жабдуулар

орнотулган бөлүмдөрдө чогуу сактап же ташып

жүрбөңүз. Aба жаздыктардын абдан бир заматтын

ичинде абага толо тургандыгын эске алыңыз.

Аспабыңызды же кошумча жабдууларды аба

жаздыктары жазыла турган мейкиндикке койбоңуз.

Учакка кирүүдөн мурда аппаратыңызды өчүрүп коюңуз.

Зымсыз телеаппаратураны учактын ичинде колдонуу

учактын иштөөсүнө тоскоол келтирип, жана мыйзамга

каршы болушу мүмкүн.